ЛАТАКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАТАКИЯ - Сириянын чыгышындагы шаар. Латакия мухафазасынын адм. борбору. Өлкөнүн Жер Ортолук деңиз жээгиндеги ири порту. Кал­кы 371,2 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Шаар болжол м-н б. з. ч. 358-281-ж. негиздел­ген. Түн. Сириядагы эң ири соода борборлордун бири. Б. з. 494- ж-а 555-ж. жер титирөөдөн тал­каланып, кайрадан курулган. Селевкиддер мез­гилиндеги курулуштардын издери, салтанат капкасы, театр, коринф колоннадалары (Бахус),

маяктуу порт курулуштары, Ыйык Бийкеч (18-к.), Ыйык Николай (17-18-к.) византия чиркөөлөрү, мунара (14-к.), Аль-Кабир ж-а Аль­Жадид (18-к.) мечиттери сакталган. Заманбап курулуштары: Деңиз изилдөө борбору (1980), Наисса мечити (1989), спорт комплекси (1987), ун-т, музей (карапа ж-а айнек буюмдар коюл­ган) бар. Тамак-аш (суу май, ун), тамеки, бул­гаары, пахта тазалоочу ө. ж. ишканалары иш­тейт. Накта жибек кездемелер чыгарылат. Кол өнөрчүлүгү өнүккөн. Л-нын айланасында Уга­рит ш-нын урандылары бар. Калъат-Салах-эд­Дин чеби (Сайун; 10-к., 12-13-к.) византия мез­гилиндеги курулуштун фрагменттери ж-а араб мечиттери мунаралары м-н Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.