ЛАНТАН
ЛАНТАН (1ан1Ьаппт), Ьа - элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы хим. элемент. Катар н. 57, ат. м. 138,905. Сейрек кездешүүчү жер элементтерине кирет. Табиятта 2 изотобу: 139Ьа ж-а радиоактивдүү 138Ьа бар. Кычкылдануу даражасы +3. Л. м-н лантаноиддер массасы б-ча жер кыртышынын 1,78‘10-2%ин түзөт. Л. - күмүш түстүү, ак металл. Катар н. 58ден 71ге чейинки элементтердин тобу лантаноиддер деп аталат. Өтө таза Л. ийилгич келип жеңил иштетилет. Хим. активдүүлүгү б-ча щелочтуу жер металлдарына жакын. Минералдык к-талар ж-а суу м-н аракеттенип, суутекти бөлүп чыгаруу м-н сууда эрибеген гидрооксиддерди пайда кылат. Суутек, кычкылтек м-н 200°Ста галогендер, галогендүү суутектер, углеводороддор, бор ж-а күкүрт м-н аракеттенип, тиешелүү бирикмелерди пайда кылат. Л. оксиддери, фториддери, сульфиддери, сууда эрибей турган заттар. Нитраттары, перхлораттары, сульфаттары сууда жакшы эрийт, ал эми фосфаттары, карбонаттары ж-а оксалаттары эрибейт. Оксалаттары м-н карбонаттары 800°-900°Ста оксиддерди пайда кылуу м-н ажырайт. Л. минералдарынан алынат. Аны бөлүп алууда экстракция жолу кеңири колдонулат. Бул метод ион алмашуу хроматографиясы м-н бирдикте бардык лантаноиддерди алууга мүмкүндүк берет. Л. болот, чоюн, магниттүү, алюминийлүү куймаларга бир аз кошулса, алардын мех. касиети, коррозияга туруктуулугу, ысыкка чыдамдуулугу жакшырат. Л. лазерде пайдаланылуучу кристаллдардын курамына кирет, атомдук техникада жылуулук нейтрондорун кармаш үчүн, нурлардан сактанууда, реакторлордун ишин жөнгө салууда колдонулат.