ЛАКТАМДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАКТАМДАР - молекулаларынын шакекчесин­де -СО —ЯН— топтору бар амин-карбон к-тала­рынын ички циклдүү амиддери:

/ С=0

(СН2)„

-- N4

Алар негизинен аминкарбон к-таларын же алар­дын туздарын, о. эле галогендүү же оксикарбон к-таларынын амиддерин циклдөө м-н алынат. Л. алкилдөө, галогендөө реакцияларына жеңил кирип, анда циклдери сакталат. Ал эми гидро­лиз, полимерлөө ж. б. реакцияларда лактам ша­кекчелери -СО-ЙН­байланыщтарынан ачылат. Лактам шакекчелеринин туруктуулугу аларды түзгөн шакекчелердин санына ж-а андагы атом­дордун топторуна жараша болот. 5-6 шакекчелүү Л. башкаларга салыштырмалуу туруктуу келет. Шакекчелери жети же андан көп атомдордон турган Л. жеңил полимерленет. Мис., г-капро-

лактамды полимерлөөдөн поликапроамид пайда болот. Андан капрон буласы алынат. Көпчүлүк Л. биол. активдүү касиетке ээ.