ЛАКОНЙЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАКОНЙЗМ (грекче 1акоп1зтоз - кыскалык, тактык) - көркөм адабиятта ойду кыска, так берүү. Уламыштарга караганда байыркы Лакоиканын жашоочулары - спарталыктар ушул касиети менен айырмаланышкан. Л. айрыкча макал-лакаптарда, учкул сөздөрдө, туруктуу сөз айкашында Л. даана көрүнөт. Ал эми адабий чыгармачылыкта идеялык мазмундун так, кыска, үнөмдүү ачылышы Л-ге жатат. Бул касиет кыргыз жазуучуларынан Ч. Айтматовго, А. Осмоновго айрыкча мүнөздүү.