ЛАЙН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАЙН, Борбордук Полинезия Спорадалары - Тынч океандын экватордук бөлүгүндөгү архипелаг, атоллдор тобу. Полинезияда. Кирибати мамлекетинин курамында. Эң чоң атоллдору: Рождество (Кристмас), Табуагран, Тераина. Аянты 500 кж2дей (анын 359 кж2ин Рождество а. ээлейт). Кокос пальмасы токойлору мүнөздүү.