ЛЁЩЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЁЩЕНКО Лев Валерианович (1. 2. 1942-жылы туулган, Москва) - орус совет эстрада ырчысы (бас-бари­тон), РСФСР эл арт. (1983). 1969-ж. ГИТИСти бүткөн. 1970-жылдан СССР мамлекеттик телерадиодо солист. Бүткүл союздук эстрада артисттеринин лауреаты (1970), Сопоттогу эл аралык ыр фести­валынын 1-сыйлыгын алган (Полыпа, 1972). Д. Ф. Тухмановдун (сөзү В. Г. Харитоновдуку) Жеңиш күнүнүн эмблемасы болуп калган. «Же-

ңиш күнү» (1975) ырын биринчи аткарган. 1980- 89-ж. «Росконцерттин» солисти. 1987-90-ж. Гне­синдер атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтунда вокал бө­лүмүндө сабак берген. Репертуарында элдик жана эстрада ырлары, романстар бар. Л-нун ат­каруусундагы В. Г. Добрыниндин «Жер жүзүндө сүйүү жашайт» (сөзү Л. П. Дербенёвдуку), Ю. С. Саульскийдин «Татьянанын күнү» (сөзү Н. М. Олевдики), В. Я. Шаинскийдин «Ыйлаба селки» (сөзү В. Г. Харитоновдуку), Д. Ф. Тух­мановдун «Булбулдуу токой» (сөзү А. Г. Попереч­ныйдыкы) ж. б. ырлар элге кеңири белгилүү. 1990-ж. мамлекеттик эстрада театрын уюштурган.