КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 8 км түндүк-чыгыш тарапта, Көгарт суусунун кашатында, деңиз деңгээлинен 900 м бийикте жайгашкан. 1967–68-жылдарда Түндүк Кыргыз экспедициясы чалгындаган. Аймагы антропоген мезгилинде пайда болгон аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Алар кургак сайда кум-шагылдуу, кой таштуу тектирди, кашатчаларды түзөт. Петрогр. ж-а гранулометриялык курамы ар түрдүү. Катуу, бекем кварцтуу кумдуктар м-н кремнийлер (80%), жеңил талкалануучу сланецтер м-н алевролиттер (4%) ж-а акиташ, доломит ж. б. (25%ке чейин) кезигет. Шагыл (40 ммден кесеги) 45%, кум 15,8%ке чейин, чаң 12%, органикалык калдык м-н слюда жокко эсе. Кум ири бүртүктүү, чоңдук модулу 2,5–3,1. Запасы А+В категориясы боюнча 6559 миң м3, С – 7970 миң м3. Кенди пайдалануу үчүн аны талкалап, шагылга, кумга айландыруу талап кылынат. Жуулган кум жөнөкөй бетондорго, ал эми шагыл «300», «400» маркасындагы бетон даярдоого жарамдуу. Кен Жалал-Абад шаарындагы бетон заводунда пайдаланылат.