КӨБҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБҮҮ – айлана-чөйрөдөн суюктукту же бууну сиңирип алуудан катуу заттардын көлөмүнүн же массасынын чоңоюшу. Көбүү чектүү ж-а чексиз бо­луп бөлүнөт. Биринчисинде белгилүү көлөмгө жеткенде, көбүү токтолот ж-а көбүүчү өз келбетин сактайт, мисалы, гель сымал ион алмашуучу ча­йырлар сууда, жумшартылган каучук бензолдо чектүү көбөт. Экинчи учурда полимер м-н суюк­туктун өз ара диффузиясынын натыйжасында фаза аралык чек жоюлуп, көбүү полимердин то­лук эрип кетүүсү м-н аяктайт. Кээде чектүү темпе­ратуранын жогорулашы м-н чексиз көбүүгө өтөт. Көбүү тех­никада, турмуш-тиричиликте кенен колдону­лат.