КОҢУРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУРАТ – кыргыз урууларынын бири. Сан­жыра боюнча кыргыздын оң канат, сол канат ж-а ичкилик уруулар тобуна кирбеген, өз ал­дынча уруулардан болуп саналат. Генеалогиялык ула­мышта легендарлуу Адигине-Тагайдын Наалы эжесинин коңур (коңур кула, коңур ала) аты­нын байгесине бир бала тийип, андан тараган­дар ошол аттын түсүнө байланыштуу коңурат деп ата­лып калганы айтылат. Коңураттардын мындай ата­лышы байыркы кытай хроникаларында да эс­керилип, кыргыздарга (хягас) коңшу көчмөн уруулар жашап, минген аты кула болгон­дуктан, алардын өлкөсү йелочжи, бюньма, била (Н. Бичурин «саврасый» – «кула» деп которсо, Н. Аристов «пегий» – «ала» деп окуган) деп аталганы жөнүндө маалыматтар бар. Ал эми Ба­лыкооздун санжырасында байыркы мезгилде кыргызды Ороз, 19 уруу коңуратты Сарыбай нойон бийлеп, бул экөө жедигер, тайчык, ногой, кы­тай, катаган, калча ж. б. урууларды кыргызга бириктирип, бир хандык түзүшкөн. С. Абрам­зон коңуратты (хонкират) моңголдорго тектеш уруу­лар, кыргыздын этностук тобуна 12–14-кылымдарда кир­ген деп эсептейт. Кыргыздын генеалогиясын изилдөөчүлөр кыпчак, мундуз, каңды, кушчу­лар м-н кошо коңураттарды да байыркы уруулардын катарына киргизишет. «Мажму ат-Таварихте» 92 боолуу өзбектин (илатийа) бир уруусу ката­ры эскерилет. Оозеки фольклор боюнча коңураттан та­ңатар, андан куттук, кечмелик деген уруулар бөлүнөт. Башка маалыматтарда бөрү, сасбак, чарык деген уруктарга тарап, негизинен Чүй облусу­нун Чүй, Кемин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа ж. б. райондор­до турушат. Түштүк Кыргызстанда жашаган коңураттар өзүлөрүн ысык-көлдүк коңураттар м-н уруулаш деп эстешет. Мындан тышкары Өзбекстан, Казак­станда да коңурат аталган уруу жашайт.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. 1-том. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2003.

Р. Жолдошов.