КОҢУР-ӨЛӨҢ–АЛА-БАШ ӨРӨӨНҮ
КОҢУР-ӨЛӨҢ–АЛА-БАШ ӨРӨӨНҮ Ысык-Көл ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүндө, Тоң районунун аймагында. Түштүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түндүгүнөн Дубана (бийиктиги 2223 м), Тегерек, Көк-Жар, Курбу жапыз тоолору м-н чектешет. Чыгыш жагында Жер-Үй өрөөнүнө, батышта Семиз-Белге өтөт. Таманынын абсолюттук бийиктиги 2000–2100 м, узундугу 40 км, туурасы 7 км. Рельефи түзөң. Тескей Ала-Тоонун этегинде шиленди конустары жатат. Өрөөндүн ичи төртүнчүлүк мезгилинин аллювий, пролювий ж-а бир аз морена борпоң тегинен турат. Генезистик тиби боюнча – мегасинклиналдык ойдуң. Климаты континенттик, жайы мелүүн (15°С), кышы суук (–15– –20°С), жылдык жаан-чачыны 300–350 мм (кардын калыңдыгы 10–20 см). Коңур-Өлөң, Мамбет-Төр, Ичке-Төр, Ийри-Суу Чыгыш ж-а Батыш Кара-Сууга кошулуп, Ак-Терек суусун түзөт. Ак- Терек суусу Дубана тоосун кесип агып, Ысык- Көлгө куят. Ойдуң жер астындагы сууга бай, чыгыш бөлүгүндө Айдың-Көл көлү (к. Коңур-Өлөң) (аянты 0,7 км2 ) бар. Топурагы боз-күңүрт ж-а саз кыртыштуу, тоо капталдарында – кара коңур. Тескей беттерде талаа, шалбаа, өлөң саз, күнгөй бетте (Тегерек) жарым чөл, кургакчыл ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Ойдуңда Ала-Баш, Дөң-Талаа, Комсомол, Коңур-Өлөң, Көл-Төр, Тогуз-Булак кыштактары жайгашкан. Мал чарбасы (айрыкча кой чарбасы) өнүккөн.