КОҢУР-ӨЛӨҢ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР-ӨЛӨҢ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Коңур-Өлөң өрөөнүндө, Чыгыш Кара-Суунун төмөнкү агымында, Тогуз- Булак кыштагынан 2 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1910 м бийикте. Орточо калыңдыгы 1,41 м, аянты 233,77 га болгон чым көң кени саздак пролю­вий-аллювий катмары м-н байланышкан. Чым көң күрөң ж-а мала күрөң түстө. Чириндилер 10–20%ти түзөт. Күйгөндөгү жылуулугу 2088–4780 ккал/кг. Чым көң жер семирткич кошул­маларын даярдоого жарамдуу. Төмөнкү горизон­ту чала чиригендиктен бальнеологиялык (дары баткак) мааниге ээ. Запасы А2 категориясы боюнча 3173,2 миң т.