КОҢУР-ӨЛӨҢ (Тескей Ала-Тоодогу көл)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОҢУР-ӨЛӨҢ , А й д ы ң - К ө л – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы көл, Коңур-Өлөң–Ала-Баш өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Деңиз деңгээлинен 1906 м бийикте жатат. Айланасындагы саздын кеңейишинен соолуп баратат. Аянты 0,7 км2, узундугу 2,4 км, туурасы 600–700 м. Тереңдиги 1 мге чейин. Көлгө чакан суу куюп, андан агып чыккан өзөн Ак-Терек суусуна оң тараптан куят. Балык бар. Көлдө чиринди заттардын көбөйүп баратышы (айрыкча сапропель) анын чанагынын ыкчам кичирейишине шарт түзүүдө.