КОШ-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-ТАШ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Кызыл-Өзгөрүш айыл окру­гуна караштуу. Токтогул – Өзгөрүш автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаар­часынан 69 км түштүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 146 км. Калкы 1518 (2022); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.