КОЧКОР ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР ШААР КАЛДЫГЫ – 10–12-кылымдардагы Караханиддер дооруна таандык шаар калдыгы. Каракол суусунун сол жээгинде жайгашкан. 1940-жылы А. Н. Бернштам изилдеген. Шаар Коч­кор-Ата мазарынан 4 км алыс жайгашып, туу­расы 400 м, узундугу 870 м өлчөмүндөгү тик бурчтук аянтты ээлеп жаткан. Кочкор шаар калдыгынан Караханид­дер дооруна таандык жөнөкөй чопо ж-а сыр­далган карапа идиштердин сыныктары табыл­ган. Түштүк-батыш урандысын бойлой Кырк-Чо­ронун күмбөзү деп аталган 18-кылымга таандык эс­теликтер орун алган. Соңку мезгилдеги изилдөө­лөр Кочкор шаар калдыгы 10–12-кылымдарда өкүм сүргөн Кочңар-Башы шаарынын орду экендиги Абу Саид Гардизинин «Зайн ал-ахбар» ж-а Махмуд Кашгаринин «Диван лугат ит-түрк" эмгектериндеги маалыматтар боюнчаырасталган, к. Кочкор-Башы.