КОЧКОР ЧОПО КЕНИ
КОЧКОР ЧОПО КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Көк-Жар кыштагынан 4 км түштүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1840 м бийикте жайгашкан. 1955-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен Үкөк суусун бойлой жайгашып, антропогендеги аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон кумайлуу чоподон турат. Арасында линза сымал кум-шагыл кездешет. Кумайлуу чопо катмарынын калыңдыгы 4,5–4,9 м. Гранулометрлик курамы: 0,001 мм – 7,4%, 0,001–0,005 мм – 26,78%, 0,005–0,001 мм – 18,96%, 0,01–0,05 мм – 34,6%, 0,05–0,25 мм – 7,31%, 0,25–1,0 мм – 1,28%, 1 ммден кесеги – 1%ке чейин. Ийилгичтиги 8,7–15,4%. Ным сиңиримдүүлүгү 16,6–1,78%. «100» маркасындагы кыш ж-а черепица алууга болот. Запасы А категориясы боюнча 358 миң м3. 1996- жылга карата запасы А категориясы боюнча 277 миң м3.