КОЧКОР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 14 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1845–1877 м бийикте. 1984-жылы чалгындалган. Кен аймагы плиоцен –алгачкы төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон кон­гломераттан түзүлгөн. Орточо гранулометриялык курамы: 500–70 мм –27%, 70–5 мм –53%, 5 мм­ден майдасы –20%. Кум-шагыл кошулмасы «300» маркадагы бетонду ж-а асфальттык бетонду даярдоого жарамдуу. 1997-жылга карата баланс­тагы запасы А категориясы боюнча – 712 миң м3, В – 1490 миң м3, С – 2274 миң м3.