КОЧКОР-АТА ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР-АТА ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Кочкор-Ата шаарынан 1,0 км түндүк-батышта, Ош – Бишкек жолуна жакын, деңиз деңгээлинен 500–550 м бийикте. 1984-жылы чалгындалган.
Калыңдыгы 5 мден 20 мге жеткен кумайлуу чо­подон түзүлгөн. Орточо калыңдыгы 11 м. Кумай­луу чопонун астында кум-шагыл жатат. Кумай­луу чопо «75», «100» маркадагы кыш даяр­доого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 285 миң м3; В – 515 миң м3; С – 859 миң м3.