КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Чаткал кырка тоо­сунун түштүк капталында, Касан суусунун сол куй­масы – Кочкор-Атанын ортоңку агымында жай­гашкан. 1956-жылы табылган. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде жиреп чыккан гранит ж-а гранит-диорит тектери түзөт. Аларды түндүк-чы­гышка созулган тектоникалык жарака кесип өтөт. Бул аймакта тоо тектер талкаланып, серициттешип, хлориттешип, өзгөрүүгө учураган. Кенташ тул­кулары тектоникалык жараканы бойлой майда тарам­ча, уя, линза түрүндө жайгашкан. Калыңдыгы 1–2 смден 0,5 мге чейин жетип, курамы гале­нит-сфалериттүү, пирит-арсенопириттүү, гема­тит-магнититтүү.