КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР-АТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дары­лык касиетке ээ суу булагы. Жалал-Абад обл­усунун Ноокен районунда, Кочкор-Ата шаарынан 8 км түндүк-батыш тарапта, Түндүк Фергана өрөөнүндө, Кочкор-Ата сайында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийик­те жайгашкан. 1954-жылы табылып, 1961–62-жылдарда химиялык курамы изилденген. Суу палеоген мезги­линдеги чөкмө тектерде топтолгон. Бургулоо көзөнөктөрүнөн чыккан суунун көлөмү сутка­сына 13,7–1728,0 м3, температурасы 25–49°С, жал­пы минералданышы 69,2 г/л, курамы хлорид­натрий-кальцийлүү. Сууда кремний кислотасы 37,7 мг/л. Органикалык заттар көп. Суудан бөлүнгөн газда метан, көмүр кычкыл газы, суутек, көмүр кислота­сы, азот бар. Ашказан, муун ооруларына дары.