КОТВИЧ
КО́ТВИЧ Владислав Людвигович (20. 3. 1872, Вилен губерниясы, Оссово кыштагы – 3. 10. 1944, Вильжос) – тилчи, орус ж-а поляк чыгыш таануучусу, СССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1923), Польша ИАнын анык мүчөсү (1925), Польша чыгыш таануучулар коомунун төрагасы. Санкт- Петербург университетинин Чыгыш тилдер факультетин бүтүргөн (1895). Ошол эле университетте моңгол, калмак ж-а манжур тилдери боюнча окутуучу, бир эле убакта Россия империясынын финансы министрлигинде кызмат өтөгөн (1903-23). 1920-жылы А. С. Енукидзе атындагы чыгыш тилдери институттун уюштуруучусу, биринчи ректору (1920–22), 1923-жылы Польшадагы, ошондой эле Львов университетинин Ыраакы Чыгыш филологиясы кафедрасынын профессору болгон 1923-жыл. Ал калмак тилинин диалектилерин ж-а говорлорун изилдеген. 1931-жылдан алтай тилдерин салыштырма-тарыхый жактан изилдөөнүн жалпы маселелерине көңүл бурган. Анын «Алтай тилдери боюнча изилдөөлөр» деген китеби 1936-ж. Краковдо, орусча котормосу (1962) Москвада басылып чыккан. Алтай тилдеринин ичиндеги өз ара жакындык, типологиялык окшоштуктар сырткы тарыхый байланыштардын натыйжасында пайда болгон деген пикирди айткан.