КОСИНУСТАР ТЕОРЕМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСИНУСТАР ТЕОРЕМАСЫ – үч бурчтуктун эки жагы ж-а ошол жактардын арасында жаткан бурчу боюнча анын үчүнчү жагын аныктоочу тео­рема. Ал мындайча айтылат: үч бурчтуктун бир жагынын квадраты анын калган эки жагынын квадраттарынын суммасынан ошол жактар м-н алардын арасындагы бурчтун косинусун эки эсе­лентип көбөйткөн көбөйтүндүсүн кемиткенине барабар же с2=а2+b2–2ab cosa, мында a, b, c –үч бурчтуктун жактары, a – а жана b жактары­нын арасындагы бурч.