КОРЕЙ КЫСЫГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРЕЙ КЫСЫГЫ Корей жарым аралы м-н Япон аралынын (Ики, Кюсю ж-а Хонсю аралдарынын түштүк-батыш чети) аралыгында жайгашкан. Япон деңизин Чыгыш Кытай деңиз м-н туташтырат. Узундугу 324 км, жазылыгы 180 км, эң тайыз жери фарватерде 73 м. Цусима аралы экиге – Чыгыш ж-а Батыш өткөөлдөрүнө бөлөт. 1904–05-жылдардагы орус-япон согушу мезгилинде Корей кысыгында 1904-жылы 1(14)-августта япон ж-а орус крейсер эскадраларынын ортосунда кармашуу болгон.