КОРДОВА (Испаниядагы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РДОВА – Испаниядагы шаар. Кордова про­винциясынын административдик борбору. Сьерра-Морена тоо­сунун этегинде, Гвадалквивир дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 323,2 миң (2022). Шаар аркылуу жогорку ылдамдыктагы Мадрид – Кор­дова – Малага темир жол магистралы өтөт. Аэропор­ту бар. Түстүү металлургия, машина куруу, та­мак-аш – татымал, текстиль өнөр жай ишканала-

Альминар коңгуроолуу мунарасы.

ры иштейт. Университет, музейлер бар. 756–929-жылдарда Кор­дова эмирлигинин, 929–1031-жылдарда Кордова хали­фатынын борбору болгон. Собор [13-кылымга чейин мечит (785-жылы курула баштаган); дүйнөдөгү эң ири], роман стилиндеги Сан-Пабло (13-кылым), Сан- Николас (13-кылым) чиркөөлөрү, Кармен Кальсадо чиркөө монастыры (16-кылым) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Королдор илимдер Академиясы, институт, университет бар. Жыл сайын музыка фестивалы өткө­рүлүп турат. Ботаникалык бак уюштурулган.