КОРГОН (Аксы районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРГОН – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Авлетим айыл округуна караштуу. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш этегинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1863 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу ж-а электр тегирмендер иштейт.