КОРАЛЛ ДЕҢИЗИ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРА́ЛЛ ДЕҢИЗИ АРАЛДАРЫ , К о р а л л д е ­ң и з и а р а л д а р а й м а г ы (расмий аталышы) Австралиядан түндүк-чыгышта 1 млн км2 аянтка чачыранды жайгашкан. 18–19-кылымдарда деңиз сүзүүчүлөр үчүн өтө олуттуу коркунуч алып келип турган. Деңиздин түбү чөккөн кемелер­дин кенчи жаткан жер. 1921-жылы бир аралына метеорологиялык станция орнотулган. 1969-жылы Коралл деңизи аралдары Австралиянын аймагы деп жарыяланган. 1982-жылдан Лихоу ж-а Коринга, 1987-жылдан Элизабет ж-а Миддлтон Сейлор рифтери – улут­тук корук. Арал Австралиянын мыйзамына баш ийет (сот бийлиги Норфолк аралында). 1969-жылы арал­дын курамына аралдын түбүнөн 1880 м2 жер ко­шулган. Уиллс Айслет аралындагы метеорологиялык стан­цияда иштеген метеорологдордон башка турук­туу жашаган калкы жок.

Ад.: Острова Кораллового моря// Всё о странах мира, атлас-справочник, М., 2006.