КОНЦЕССИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦЕ́ССИЯ (лат. concessio – чечүү, эпке келүү) – мамлекетке же муниципалитеттерге таандык жаратылыш байлыктарын, ишканаларды ж-а башка чарбалык объекттерди белгилүү бир мөөнөткө пайдаланууга берүү тууралуу кели­шим. Мындай келишимдин негизинде уюшул­ган ишкананын өзү да концессия деп аталат. Мамлекет чет өлкөлүк фирмага (же жеке менчик ээлери­не) берген концессия ошол мамлекеттин мыйзамдары м-н жөнгө салынат. Эл аралык укукка ылайык мамлекет концессия аракетин мөөнөтүнөн мурда токто­то алат.