КОНФЕДЕРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНФЕДЕРА́ЦИЯ (лат. confederatio – союз, бирикме) – 1) бир нече мамлекеттин белгилүү бир максатка жетишүү үчүн түзгөн союзу. Союзга мүчө болгон мамлекеттердин өкүлдөрүнөн борбордук орган түзүлөт. Бул органдын бир добуштан кабыл алган чечими тийиштүү мамлекеттин бий­лик органдарынын макулдугу м-н жүзөгө ашы­рылат. Конфедерациянын акча каражаты ага кирген мамлекеттердин мүчөлүк акыларынан түзүлөт. Тарыхта Рейн конфедерациясы (1254–1350), Ганзей лигасы (1367–1669), Швейцар конфедерациясы (1291–1798 ж-а 1815– 48), Герман конфедерациясы (1815–66), Америка Кошмо Штаттары (1861–65) ж. б. болгон. Кээ бир теоретиктер конфедерацияны кеңейтилген Европалык союз (ЕС) м-н салыштырышат; 2) кандайдыр бир коомдун же уюмдардын бирикмеси (мисалы, Франциядагы жалпыга бирдей эмгек конфедерациясы, Япониядагы эмгек конфедерациясы ж. б.; 3) Польшада 16–18-кылымдарда шляхталардын убактылуу союзу.