КОНТРАКТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРАКТУ́РА (лат. contractura – тартылуу) – муун кыймылынын убактылуу же туруктуу чек­телиши. Контрактуранын бүгүлгөн (муун сунулбай калган) ж-а сунулган (бүгүлбөй калган), тубаса же кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса контрактура булчуң, муун, теринин өөрчүп жетилбей калышынан болот, мисалы, кыйшык моюн, жалпак таман, арт­рогрипоз ж. б. өсүү кемтиктерине байланыштуу онтрактура туруктуу болот. Кийин пайда болгон контрактура күйүктөн, муун байламталары кокустаганда же сезгенгенде, булчуңдун түрдүү патологиялык процесстеринде, тарамыштын жабыркашынан, ошондой эле борбордук ж-а четки нерв системаларынын ооруларында болот (мисалы, инсульт). Муунду узакка гипстеп, кыймылсыз таңууда же төшөктө көпкө кыймылсыз жаткан оорулууда пайда болушу ыктымал. Контрактураны өз убагында дарылабаса, муун толук кыймылдабай калышы мүмкүн. Тизенин сунулган контрактурасында адамдын басышы бузулат, чыканактын сунулган контрактурасында кийимин топчулай албай, кашыкты оозуна жеткире албайт. Бүгүлгөн тизе контрактурасында оорулуу бутуна таянып баса албай калат, ал эми чыканактын бүгүлгөн контрактурасында көп жумуш аткарылат. Туруктуу контрактураны дарылоону адис-ортопед жүргүзүп, аппарат м-н тартуу, гипстеп таңуу, гимнастика, укалоо, фи­зиотерапия, керек болсо хирургиялык операция жасалат.