КОНСУЛЬТАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНСУЛЬТА́ЦИЯ (лат. сonculto – маектешүү, талкуулоо, кам көрүү) – 1) кандайдыр бир маселе боюнча адистин кеңеши; 2) билим берүүдөгү, квалификацияны өркүндөтүүдөгү окуу сабагынын бир түрү. Бул учурда консультация окутуучу м-н окуучунун аңгемелешүүсү түрүндө жүргүзүлөт. Консультация окуу материалдарын семинар, реферат, коллоквиум, экзамен, курстук ж-а дипломдук ишке, ошондой эле өндүрүш практикасына даярдоодо өткөрүлөт; адистердин кеңеши аркылуу жардам көрсөтүүчү мекеме.