КОНОВАЛОВ ЗАКОНДОРУ
КОНОВА́ЛОВ ЗАКОНДОРУ – бууланган эки заттан турган суюк эритменин курамы м-н анын каныккан буусунун курамы ж-а басымынын байланышы жөнүндөгү закондор. 1881–84-жылдарда орус химиги Д. П Коновалов негиздеген. Биринчи закон: а) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын, эритменин буусунун басымы чоңоёт; б) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин буусунун басымы азаят; в) эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү м-н эритменин кайноо температурасы азаят; г) эритмеге караганда бууда азыраак болгон компоненттин суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын эритменин кайноо температурасы чоңоёт. Экинчи закону: экстремум чекиттеринде буунун басымы изотермиялык шартта же кайноо температурасы изобаралык шартта буунун ж-а суюктуктун курамы бирдей. Коновалов закондору буулантуу, реактивдештирүү ишинде чоң мааниге ээ.