КОНДОМИНИУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДОМИ́НИУМ [лат. con (cum) – бирге ж-а dominium – ээлик кылуу] – 1) биргелешип ээлик кылуу – үстөмдүк; 2) мамлекеттик укукта – мамлекеттик бийликтин ошол аймагында биргелешип иш кылуу; 3) турак жай чөйрөсүндө кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү комплексинде менчик ээлеринин бирикмеси. Үй ээлери кондоминиумга үй ээлеринин өнөктөштүгүн түзөт, жалпы менчикке ээлик кылуу, пайдалануу ж-а тейлөө боюнча өз укуктарын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө үй ээлеринин макулдугун камсыз кылат. Үй ээлеринин жалпы менчик объектилерине квартира аралык тепкичтер аянтчасы, тепкичтер, лифттер, лифт ж. б. шахталары, чатырлар, техникалык кабаттар ж-а жертөлөлөр, жалпы пайдаланылуучу башка жайлар, коридорлор, белгиленген чектердеги инженердик структуранын ж-а жайлуулуктун элементтери бар жер участкалары, ошондой эле турак жай чөйрөсүндөгү кыймылсыз мүлк комплекси м-н тикелей ж-а ажырагыс байланыштагы өзүнчө турган ж-а аны максаттуу пайдаланууга кызмат кылуучу объектилер кирет. Үй ээлеринин жалпы менчиги болуп эсептелген объектилер обочолонтууга жатпайт. Турак жай чөйрөсүндөгү кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү комплексинин чектериндеги менчик ээлери кондоминиум мүчөлөрүнүн менчигинде турган жалпы аянтты күтүүгө, курууга, эксплуатациялоого, оңдоого байланышкан чыгымдарды көтөрөт. Өнөктөштүк өз мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми өнөктөштүктүн мүчөлөрү өнөктөштүктүн милдеттенмелери боюнча жооптуу эмес. Өнөктөштүк коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ал өнөктөштүктүн нотариус күбөлөндүргөн уставын көрсөтүү м-н жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында катталууга тийиш. Катталуу күбөлүгүн алган күндөн тартып, өнөктөштүк юридикалык жак укугуна ээ болот.