КОНГО ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́НГО ОЙДУҢУ – Борбордук Африкадагы ири ойдуң. Байыркы ж-а азыркы чөкмө тектерге (кумдук, чополуу сланец ж. б.) толгон Африка платформасынын синеклизасына дал келет. Таманы жайпак, диаметри 1000 кмдей. Тектирлүү плато ж-а бөксө тоолор м-н курчалган. Конго ойдуңунун рельефи ярустук түзүлүштө. Эң жапыз (300–400 м бийикте) ж-а голоценде жаралган төмөнкү ярусу жазы, көбүнчө саздак келип, көптөгөн дарыялардын жайылмалуу өрөөндүү Конго ойдуңунун борбордук бөлүгүндө жалпы бир жайык аллювий түздүгүн пайда кылат. Түздүктү мезгил-мезгили менен суу каптап турат. Андан жогору бир нече деңгээлдеги антропогендик тектирлер ж-а плиоцен-антропогендеги тектир сымал платолор жайгашкан. Платолор четки бөксө тоолорду карай түндүк ж-а батышында 500 м бийиктен, түштүк ж-а чыгышында 1000 мден жогору көтөрүлөт. Саз жерлерди кургатуу иштери жүргүзүлүүдө. Ойдуңду Конго дарыясынын алабы ээлейт. Ысык ж-а нымдуу экватордук (түндүк ж-а түштүк чет-жакала­рында субэкватордук) климат өкүм сүрөт. Айлык орточо температурасы 23–25°Сден 26–27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1500–2000 мм ж-а андан да ашык. Ойдуңду нымдуу дайыма жашыл гилея ж-а жалбырагы күбүлмө токой (көбү кы­йылган), саздак жерлер текши каптаган. Ой­дуңда жайгашкан ири Салонга улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.