КОНГАНТИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНГАНТИЕВ Молдомуса Ташболотович (31. 3. 1958-жылы туулган, Ош облусу, Май­лы-Сай шаары)

– генерал-лейтенант (2008). 1989-жылы КМУну бүткөн. 1979–80-жылдарда Майлы-Сай шаардык ички иштер башкармалы­гына караштуу мамлекеттик банк­тын күзөт бөлүмүндө мили­ционер, 1980–85-жылдарда Майлы-Сай шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүндө нөөмөтчүнүн жар­дамчысы, милиционер 1985–91-жылдарда Өзгөн, Кара-Суу, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмдөрүндө инспек­тор, нөөмөтчү улук оперупол­номочен, СССР ИИМдин регион аралык башкар­малыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүндө улук оперуполномочен, 1991–93-жылдарда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн на­чальниги, 1993-жылдан оперативдик иштер боюнча начальниктин орун басары, 1995–98-жылдарда Жа­лал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында издөө бөлүмдүн начальниги, 1998–99-жылдарда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальнигинин орун басары, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында, 1999–2000-жылдарда КР ИИМдин регион аралык башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 2000–01-жылдарда Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө кадрлар боюнча начальник­тин орун басары, 2001–02-жылдарда Жалал-Абад шаар­дык ички иштер бөлүмүндө, 2002–05-жылдарда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында, шаар­дык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн на­чальниги, 2005–08-жылдарда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2008–10-жылдарда КРдин ички иштер министри болуп иш­теген.