КОМПАРАТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМПАРА́ТОР (лат. comparo – салыштырам) – даярдалган буюмду, берилген мүнөздөгүч м-н дал келүүсүн текшерүүгө ж-а өлчөөгө арналган прибор. Компаратор м-н номиналы боюнча бири бирине жакын эки чоңдуктун айырмасы ченелет. Ченелүүчү объектинин өлчөмдөрү даяр үлгү эталонуна түздөн түз салыштыруунун негизинде иш жүзүнө ашат. Компаратордун ченегич бөлүгү катары винт шкалалуу ж-а оптикалык микрометрдүү окулярдуу микроскоп, фотоэлектрдик микроскоп, интерферометр колдонулат. Компаратор м-н узундуктун мм дин үлүшүнөн баштап, ондогон мге чейинки бөлүгү ченелет. Буюмдун кемчиликтерин табуу атайын оператордун жардамы м-н же автоматтык түрдө ишке ашырылат. Компаратор астрономияда, метеорологияда, машина курууда, геодезияда колдонулат.