КОММУТАТИВДИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОММУТАТИВДИК (лат. commutativus) – о р у н а л м а ш т ы р у у з а к о н у – а+b= =b+а, аb=bа теңдештиктери м-н туюнтулган сандарды кошуу ж-а көбөйтүү касиети, башкача айтканда бинардык алгебралык амалдарды канааттандыруучу закон. Эгер а.b= b.а болсо, а.b амалы жалпысынан коммутативдик деп аталат. Коммутативдик касиеттери көп мүчөлөрдү кошуу ж-а көбөйтүү учурларында аткарылат; вектордук көбөйтүндүдө [a, b] = – [b, a], матрицаларды көбөйтүүдө, сандарды бөлүү ж-а кемитүүдө (a:b =b:a; a – b = b – a) коммутативдик аткарылбайт.