КОММУНИЗМ (Лейлек районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОММУНИ́ЗМ – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Кулунду айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 630 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 40 км түндүк-чыгыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) темир жол бекетинен 20 км. Кыштак 1955-жылы пайда болгон. Калкы 5132 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.