КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ Россия­нын курамындагы административдик-аймактык бирдик. 1925-жылы 26-февралда Урал, 1935-жылы Свердлов, 1938-жылдан Пермь облусунун курамына кирген. Кама дарыясынын жогору жагында, Урал алдында жайгашкан. Аянты 32,9 миң км2. Калкы 106,7 миң (2019).
Административдик-аймактык жактан 6 районго, 1 шаарга, 3 шаар­чага бөлүнөт. Борбору – Кудымкар шаары. Приволжье федерация округуна кирет. Авто­номия округдун шайлоочулары Пермь облусунун шайлоосуна катышууга акылуу. 2007-жылдан Коми-Пермяк округу болуп кайрадан түзүлүп, Пермь об­лусунун курамына өзгөчө административдик-аймактык бирдик бо­луп кирген.
Калкынын негизин коми-пермяктар (60,2%) түзөт, ошондой эле орус ж. б. улут өкүлдөрү да жа­шайт. Динге ишенгендери православныйлар, эски каада-салтты туткандар ж-а протестант­тар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Шаар калкы 26,5%. Табияты калктын жашоосуна орточо жагымдуу. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Январдын орточо температурасы –15°Сден –17°Сге чейин, июлду­ку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммге жакын. Башкы дарыясы – Кама (кеме жүрөт). Аймагынын 4/5 бөлүгүн тайга ээлейт. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 2443,3 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 19%, айыл чарбасыны­кы 39,4%. Токой (өнөр жай өндүрүшүнүн 51,4%и) өнөр жай комплекси өнүккөн. Ошондой эле жыгаччылык, тамак-аш (30,3%), электр энергетика (5,8%) өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбасына жарактуу жери 132 миң га, анын ичинен 115 миң гасы айдоо аянты. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүк­көн. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, арпа) айдалат. Округдун түндүгүндө териси баалуу ай­банаттар асыралат.
Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 1690 км (анын ичинен асфальтталганы 335 км). Пожва ж-а Май­коп шаарчаларында дарыя порту, Кудымкарда аэропорт бар. Округда жалпы билим берүүчү 154 мекеме, 9 башталгыч ж-а атайын окуу жайы, 2 ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университетинин филиалы), театр, улуттук маданий борбор, 3 музей (анын ичинде край таануу) иштейт.


Ад.: Коми-Пермяцкий Автономный облус//Россия. М., 2004; Большая Российская энциклопедия. Том 14. М., 2009.

Т. Чодураев.