КОМЕНДАНТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМЕНДА́НТ (фр. commandant – командир, башчы) – 1) ар түрдүү мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндөгү жооптуу кызмат адамы (офицер же генерал). 16-кылымдан чеп гарнизонунун начальниги комендант деп аталган. Россияга комендант кызматын (облустун башкаруучусу комендант, провинцияныкы обер- комендант) 18-кылымдын башында Пётр I киргизген. 1715-жылдан гарнизондун начальниги, кээде (обер-комендант) вице-губернатор кызматын аткарган. Кийинчерээк шаардык комендант пайда болуп, коомдук жайларда, көчөдө аскер кызматкерлеринин аскер тартибин сакташын камсыз кылып, гарнизондогу кароол ж-а күзөт кызматын уюштуруп, анын туура аткарылышына жооп берген; 2) бир мекемеге же окуу жайына тиешелүү үйдүн (жатакана) чарба башкаруучусу.