КОМАРОВ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМАРО́В МӨҢГҮСҮ , К ы з ы л - Ү ң ө т м ө ң­г ү с ү – Какшаал кырка тоосунун түндүк капта­лындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Узундугу 10,7 км, аянты 29,3 км 2. Какшаал дарыясынын сол түзүүчүсү – Мүдүрүмдүн алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы 5210 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4050 м. Абляция­сынын аянты 9,9 км2. Үч зор мөңгүнүн кошулу­шунан түзүлөт. Үч мөңгү бириккенден кийинки «тилинин» узундугу 2,5 км, туурасы 3 кмге жетет. Ал жазы келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Этегине жакын чакан жаңы этек моренасынын жатышы – мөңгү жакынкы мезгилде эле 30–40 мге чегингендигин айгинелейт. Кар сызыгынан жогору жыл бою кар жатат. Мөңгүдөн Кы­зыл-Үңөт суусу башталып, Мүдүрүмгө куят.