КОЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЬ Гельмут, Х е л ь м у т (3. 4. 1930-жылы туулган, Германия, Людвигсхафен шаары) –

мамлекеттик ж-а саясий ишмер, Германиянын федералдык канцлери (1982–98). Христиандык-демократиялык партиянын төрагасы (1973–98). Франк­фурт ж-а Гейдельберг ун­иверситеттерин бүткөн. 1969–76-жылдарда Рейнланд-Пфальц жери боюнча өкмөт башчысы болуп иш­теген. 1990-жылы анын демил­геси м-н Батыш ж-а Чыгыш Германия бириктирилген, бирдиктүү Германиянын би­ринчи канцлери.