КОЛЫМА ТАЙПАК ТООСУ
КОЛЫМА́ ТАЙПАК ТООСУ , Г ы д а н негизинен Магадан облусунун аймагында, Түндүк-Чыгыш Сибирде жайгашкан. Сунтар-Хаята кырка тоосунан чыгышты, Кичи-Анюй дарыясынын өрөөнүнөн түндүк-чыгышты карай Анадырь дарыясынын башатына чейин 1300 кмге созулуп, Колыма дарыясынын алабын Тынч океандын алабынан бөлүп турат. Түштүк-батыш бөлүгүнүн рельефинде платолор, орто бийиктеги (1500–1800 м) кыска кырка тоолор ж-а граниттүү массивдер басымдуу. Түндүк- чыгышында өтө тилмеленген орто бийик кырка тоолор ж-а массивдер жайгашып, тектоникалык ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик жери 1903 м (Омсукчан кырка тоосунда). Коркодон ж-а Олой дарыяларынын аралыгында плато сымал зор Омолой массиви өзгөчөлөнүп турат. Негизги кен байлыктары: алтын, калай, сейрек металл кендери, таш ж-а күрөң көмүр, ысык суу булактары. Өрөөндөрүн ж-а тоо этектерин кара карагайлуу сейрек токой ээлеп, 500–800 м бийикте бадалдуу ж-а мамык чөп-эңилчектүү тоо тундрасы м-н алмашат (Колыма тайпак тоосунун 2/4 аянтын ээлейт). Өрөөндүн таманына жайылма токою мүнөздүү. Лыжа туризми өнүккөн.