КОЛХОЗДОР
КОЛХОЗДОР , к о л л е к т и в д ү ү ч а р б а, а й ы л ч а р б а а р т е л и – СССРдеги жарым мамлекеттик ири айыл чарба ишканасы. Дыйкандардын эмгеги коомдоштурулуп, негизги өндүрүш каражаттары, жер мамлекеттик менчик болуп калган. Колхоздор 1929–37-жылдарда коллективдештирүү процессинин негизинде түзүлгөн. Колхоздорду түзүүнүн максаты айыл чарба продукциясын өндүрүү ж-а бөлүштүрүү процессин мамлекет көзөмөлгө алып, натуралдык ж-а майда товардык укладды коомдоштурулган айыл чарба продукцияларынын ири товардык өндүрүшү м-н алмаштыруу болгон. Колхоздор совхоздор м-н катар эле социалисттик экономиканын негизги агрардык өндүрүшү болуп кала берген. 1917–29-жылдарда «колхоз» термини көп учурда бардык эле коллективдүү чарбаларда – айыл чарба коммунасы, жерди шериктешип иштетүү, айыл чарба, балык уулоо, аң-уулоо ж. б. артелдерде колдонулган. ВКП(б) БКнын «Коллективдештирүүнүн темпи ж-а мамлекеттин колхоз курулушуна жардам берүү чаралары жөнүндө» (1930, январь) токтомунда колхоздордун негизги формасы – айыл чарба артели таанылган. Артель эмгекти коомдоштуруунун ж-а өндүрүш каражаттарынын эң жогорку баскычы болуп, товардык өндүрүштүн өз ыктыяры м-н биригүүсүнө мүмкүндүк берген эмес. Колхоздордун түзүлүшү м-н дыйкандын менчигинде тамы, чарба курулуштары, эмгек шаймандары, мал жандыктары калган. Колхоздорго кулактардын катарына кирбеген 16дан жогорку жаштагы дыйкандар кабыл алынган. 1930-жылдын башында колхоздор дыйкандардын унаа-шаймандары ж-а малынын негизинде түзүлгөн ишкана катары бир айыл-кыштакты бириктирип, 400 гага жакын айдоо аянтты ээлеген. Колхоздордо эмгекти уюштуруунун негизги формасы узак мөөнөткө бекитилип берилген жер участкасына ж-а эң керектүү өндүрүш каражаттарына ээ болгон колхозчулар коллективи – туруктуу өндүрүштүк бригада болгон. Жер иштетүү Машина-трактор станциясынын (1929-жылы түзүлгөн) күчү м-н ишке ашкан. Формалдуу түрдө колхоздорду башкаруунун жогорку формасы болуп колхозчулардын жалпы жыйналышы, анда башкармалыктын төрагасы ж-а текшерүү комиссиясы шайланган. Иш жүзүндө бардык чечимдер партиялык ж-а мамлекеттик органдардын катуу көзөмөлүндө болгон. Колхоздордун башкармалыгынын башчылыгына партиянын райкомунун түздөн-түз көрсөтмөсү м-н адамдар дайындалган. Колхоздор м-н мамлекеттин өз ара мамилеси алгачкы мезгилде контрактациялык келишимдин негизинде түзүлгөн. Эгин тапшыруунун көлөмү мамлекеттик пландын негизинде түзүлгөн. Мамлекетке айыл чарба продукциясын сатуу мамлекет тарабынан кызуу колдоого алынган. Колхозчулар өнөр жай продукциясын сатып алуу фондусунан төмөнкү баада алышкан. Бардык мамлекеттик план аткарылгандан кийин гана колхозчуларга эмгек күнгө карата кирешелер бөлүштүрүлгөн. Колхозчулар өздөрүнө керектүү азык-түлүктөрдүн басымдуу бөлүгүн көмөкчү чарбаларында өндүрүшкөн. Жеке менчиктин калыбына келүү коркунучун жоюу үчүн колхозчулардын «ашыкча» жерлерин ар дайым кесип турган. Чектөөнүн негизги формасы салык салуу болгон. Улуу Ата Мекендик согуш колхоздорго чоң сокку урган. 1941–45-жылдарда айдоо аянттары 20%ке кыскарган. Колхоздордо негизги күч болуп аялдар ж-а өспүрүмдөр калган. Жакыр жашаган колхозчулар шаарларга кетүүгө мажбур болуп, шахтада, курулушта ж. б. иштеген. 1953-жылы И. В. Сталин дүйнөдөн кайткан соң, айыл чарба өндүрүшүндө колхозчуларды эмгекке кызыктыруу, экономикалык өз алдынчалыкты күчөтүү, көмөкчү чарбаларды колдоо ж. б. иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мамлекетке тапшырылуучу айыл чарба азык-түлүктөрүнүн нормалары кескин кыскарылып, мамлекет тарабынан сатып алуунун баасы кыйла көтөрүлгөн. 1957-жылы эт-сүт продукциясын өндүрүүнү жогорулатуу планы киргизилип, 3–4 жылдын ичинде АКШны кууп жетип, ашып кетүү иш-чараларын жүргүзүү милдеттери айыл чарбага жүктөлгөн. Колхоздор кошуп жазуу ыкмасына өтүп, ошондой эле дыйкандардын ири мүйүздүү малдарын мамлекет күчтөп сатып ала баштаган. 1956–60-жылдарда жеке дыйкан чарбаларында малдын саны кескин кыскарган. Натыйжада өлкөдөгү азык-түлүк абалы начарлап, элдик нааразычылыктарга ж-а толкундоолорго алып келген. 1964-жылы колхозчулар улгайганына байланыштуу пенсияга чыгуу (эркектер 65, аялдар 60 жашынан) укугуна ээ болуп, 1966-жылдан ай сайын эмгек акы ала баштаган. Колхозчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн стимулдаштыруу үчүн 1970-жылдардын аягынан мамлекет коллективдүү подряд системасын киргизген. 1974-жылдан колхозчуларга советтик жаран катары паспорт берилген. Колхоздорго мамлекет тарабынан инвестициялык салымдын көлөмү тынымсыз көбөйгөн. 1966–80-жылдарда айыл чарба продукциясынын өсүү темпи төмөндөгөн. Жыл сайын колхоздорго жардам иретинде шаарлардан жумушчу күчү тартылган (айрыкча түшүмдү жыйноо мезгилинде), бирок бул иш-чара колхоз түзүлүшүн кризистен алып чыга алган эмес. 1982-жылы азык-түлүк программасы кабыл алынып, агрардык секторду индустриялык негизде модернизациялоо каралып, убактылуу өз жемишин берген. 1980-жылдардын 2-жарымында масштабдуу түрдө коллективдүү, үйбүлөлүк ж-а индивидуалдык ижаралык подряд киргизилген. 1990-жылдары айыл чарба техникасына, күйүүчү майга, электр энергиясына болгон баалардын өсүшү м-н колхоздор өндүргөн продукцияга баа төмөндөгөн. 1990-жылдардын башында көптөгөн колхоздор ж-а совхоздор акционердик коомго айланып, алардын бир бөлүгү жоюлуп кеткен.
Кыргызстанда массалык коллективдештирүү дыйканчылык зоналардагы 6 райондо (Араван, Базар-Коргон, Беловодск, Кемин, Ысык-Көл жээги, Талас) жүргүзүлүп, 108 колхозго 36630 чарбаны тартуу каралган. Ар бир колхозго дыйкандардын 30–150 кожолугун бириктирүү көрсөтүлгөн. Колхоздоштурууга көмөк берүү комиссиялары, комитеттери уюшулуп, артелдерди уюштуруу боюнча саясий штабдар түзүлгөн. 1928–29-жылдарда республикада 535 колхоз, 10 совхоз уюшулган. 1930-жылы Кыргызстанда 81 982 чарбаны бириктирген 687 колхоз уюшулуп, дыйкандардын ж-а малчылардын 37,2%ин түзгөн. Кээ бир райондордо (Чүй, Кара-Балта) коллективдештирүү үч айда («аша чабуу» жолу м-н) жүргүзүлгөн.
Ад.: Венжер В. Г. Колхозный строй на современном этапе. М., 1966; Зеленин И. Е. Аграрная политика Н. С. Хрущёва и сельское хозяйство. М., 2001.
К. Алымкулов.