КОЛУМБИЯ ПЛАТОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛУ́МБИЯ ПЛАТОСУ – Түндүк Америка Корди­льерасындагы плато, АКШнын түндүк-батышын­да. Каскад ж-а Аскалуу тоолорунун аралыгын­да жайгашкан. Аянты 500 миң км2. Бийиктиги 700–1000 м. Плато миоцен ж-а плиоцендин ба­зальты м-н капталып, палеозой м-н мезозой­дун кристаллдык ж-а чөкмө тектеринен турат. Платонун үстү лёсс м-н капталган, күдүрлүү ж-а тегиз, түндүгү Колумбия, Снейк ж. б. дарыя­лардын терең (900–1500 м) каньондору (шаң­шаарлар) м-н тилмеленген. Антропоген мезги­линде пайда болгон кургак каньондор (Грант- Кули) да бар. Дарыяларда шаркыратма ж-а бо­соголор көп, ГЭС курулган. Талаа өсүмдүктөрү ээлеген платонун басымдуу бөлүгү айдоо (буу­дай).