ИЗАЕВА Тамара Асенеевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗАЕВА Тамара Асенеевна (1949-жылы туулган,   Ысык-Көл облусу, Түп  району, Талды-Суу айылы) – медицина илимдеринин доктору (2013). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1972). Эмгек жолун Ош облустук ооруканада  врач-ординатор болуп баштаган. Ош шаарындагы пахта комбинатынын   медсанчастында  башкы врачтын дарылоо иштери боюнча  орун басары;  Ош облусунун, Ош шаардык  советинин депутаты;  И. К. Ахунбаев атындагы  КММИде ассистент, кафедрада доцент;  Б.Н. Ельцин атындагы КРСУда  доцент, профессордун  милдетин аткаруучу.  Бардыгы 95 илимий эмгектердин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Эмг.: Оториноларингология боюнча суроолор жана жооптор (Оториноларингология в вопросах и ответах), монография.- Б., 2009. –458 с.; Диагностика кохлеарных и вестибулярных расстройств.–Б., 2013.133 с. (в соавт.).