ИВАНОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИВА́НОВКА – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Кең-Булуң айыл аймагына караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 21 км чыгыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 6 км. Кыштак 1890-жылы негизделген. Калкы 18 047 (2025). Жоопкерчилиги чектелген жана мамлекеттик акционердик коомдор, сугат башкармалыгы, «Ысык-Ата Торг» өндүрүш комплекси, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, райондук оорукананын филиалы иштейт. Эки орто жана 3 башталгыч мектеп, 2 китепкана, 2 бала бакча, 2 клуб, стадион бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.