ЗЫНДАН (Ак-Суу районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫНДАН , Т о к т о г у л – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Хан-Теңири айыл аймагына караштуу. Жыргалаң суусунун оң өйү­зүндө, деңиз деңгээлинен 1870 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Каракол шаарынан 48 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 262 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1328 (2025); негизинен мал менен алектенет. Не­гизги мектеп, китепкана, ФАП бар.