ЗАХИ́Р-ШАХ Мухаммед
(15. 10. 1914, Кабул – 23. 07. 2007, ошол эле жер) – Афганистандын королу (1933–1973), Мухаммед Надир-шахтын уулу. Кабулдагы "Хабибия" жана "Истиклал" лицейлеринде окуп (1920–1924), Францияда билимин уланткан (1924–1930). Кабулдагы аскердик окуу жайын бүткөн (1931). Захир-ш-тын башкаруу жылдарында ирригациянын өнүгүшүнө, жол курулушун өнүктүрүүгө көңүл бурган. Аялдарга билим алууга мүмкүнчүлүк берилген. 1964-жылы З. ш. Афганистандын конституциясын жарыялаган. Эл аралык аренада З. ш. саясий жана аскердик топторго кошулбоо саясатын жүргүзүп, СССР жана АКШ менен мамилелерди өнүктүрүүгө умтулган. 1970-жылдардын башындагы кургакчылык жана массалык ачарчылык туруксуздаштырылган. 1973-жылы генерал М. Дауд жетектеген мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында З. ш. бийликтен кеткен. 2004-жылы ага "Улуттун атасы" наамы ыйгарылган. 728