ДОЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛИ – грузин, абхаз, ажар элдеринин урма музыкалык аспабы, жалпы турпаты цилиндр түспөлүндөгү барабанга окшош, эки бетине жаргак тартылат. Добушту манжалар менен бирден же эки таякча менен ургулап алат. Оркестрлердеги, ансамблдердеги музыкалык аспаптарга кошулуп ырларды, бийлерди коштойт.