География:ЫСЫККӨЛ СЫРТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЫСЫККӨЛ СЫРТЫ, С ы р т — Тескей Алатоо м-н Какшаал кырка тоосунун аралыгындагы тоолуу аймактын жалпы аты. Топоним сырт жак, б.а. Ысыккөлгө карата сыртта жайгашкан аймак маанисинде. Ы. с-н жергиликтүү эл үчкө бөлүп, Тоң сырты, Жетөгүз сырты, Сарыжаз сырты деп атайт. Ал эми термин катары кабыл алынган «Сырт» Теңиртоонун 3500 – 4000 м бийиктикте жаткан неогенге чейинки рельефиндеги байыркы түздүктөрдүн калдыктары. Неогенге чейинки Теңиртоо миллиондогон жылдар бою талкаланып үбөлөнүүгө учурап, азыркы Борб. Казакстандын рельефин элестеткен дөңсөөлүү түздүктөргө айланган. Неогенден баштап альп бүктөлүүсүнө дуушар болуп, мурдагы дөңсөөлүү түздүктөр ошол б-ча 4000 м бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Чет-жакалары эрозиядан тилмеленген; борбордук бөлүктөрүндө регрессивдүү эрозия азыркы мезгилге чейин тилмелеп үлгүрбөгөн жерлер бар. Арабел, Кумтөр, Карасай, Үзөңгүкууш, Аксай, Арпа, Мүдүрүм, Сарыжаз ж.б. суулардын алаптарында бийик көтөрүлгөн байыркы түздүктөрдүн калдыктары сакталып калган. Ал сырттар төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоолорго учурагандыктан анда байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири тараган. Азыркы кезде да сырттардын 4000–4500 мге көтөрүлгөн жалпак чокуларда мөңгүлөр жатат. Мис. Тескей Алатоонун Арабел-Кумтөр өрөөнүнө караган жагындагы жалпак чокулардын мөңгүлөрү. Башка кырка тоолордо да андай мөңгүлөр кезигет (Борколдой, Какшаал, Сарыжаз, Эңилчек ж.б.). Сырт рельефи айрыкча Нарындын башындагы Арабел, Кумтөр, Тарагай, Карасай, Кичи Нарын (Балгарт, Карасаз, Каракаман, Үчемчек, Буркан), Үзөңгүкууш, Акшыйрак, Үчкөл, Көөлү, Сарыжаз өрөөндөрүнө ж-а аларды курчаган тоо капталдарына мүнөздүү. Булардын көп бөлүгү деңиз деңг. 3000 мден өйдө жатат. Климаттык шарты катаал–кышы узак, суук, жайы кыска ж-а өтө салкын. Январдын орт. темпрасы –15...–22°С, июлдуку 4–12°С. Кышкысын суук –43°Сге чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 200–350 мм, тоо кырларында 400 ммге чейин (көбүнчө жай айларында кар аралаш жаайт). Кар аз түшкөн жерлери да бар (Акшыйрак, Үчкөл, Кайыңды, Тарагай ж. б.). Түбөлүк тоң кеңири таралган, ал кыска жай ичинде эрип үлгүрбөйт. Майда быткылдуу саздар, көлдөр көп (Арабелсуу, Кумтөр. Сарыжаз, Карасаз). Суулары кар, мөңгүлөрдөн башталып, жайында ташкындайт. Шар ж-а чогуу аккан жерлеринде, айрыкча Сарыжаз, Сарычат, Кичи Нарын сууларын кечип өтүү өтө коркунучтуу. Ландшафттары ар түрдүү келип, бийиктикке ж-а рельефке жараша өзгөрөт. Таманы жазы өрөөндөрдө өлөң чөптүү, доңуз сырттуу шалбаалар, саздар, бетегелүү талаалар, морена дөбөлүү рельефте «муздак» чөлдөр көбүрөөк кезигет. Тоо капталдарына түркүн чөптүү шалбаа, бийик тоолуу муздак чөл, күнгөй тарабына ж-а каксоо жерлерине бетеге-шыбактуу, кылкан чөптүү кургак талаа, жарым чөл ландшафттары мүнөздүү. Өтө кургак ж-а шорлуу топурактарда шыбак, шорго чыдамдуу өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Тоолордун тескей беттеринде, өзгөчө Сарыжаз алабына тиешелүү бөлүгүндө (Көөлү, Эңилчек, Кайыңды, Көйкаптын башы ж. б.) чакан аянттарда карагай токойлору кездешет. Суу бойлорунда, сайларда тал, терек, кайың ж-а түрдүү бадалдар топ-топ болуп өсөт. Бирок, сырттын көпчүлүк бөлүгү деңиз деңг. бийик жаткандыктан токойсуз, ачык, ээн келип, жайыт катары пайдаланылат. Негизинен жайлоо (Кичи Нарын, Карасаз, Каракаман, Балгарт, Сарыжаздын башы), кары аз ыктоо жерлери (Акшыйрак, Сарычат, Эңилчек, Кайыңды, Көйкап ж. б.) кыштоо болуп эсептелет. Тоң, Жетөгүз ж-а Аксуу р-нун малдары жайылат. Сыртты Ысыккөл өрөөнү м-н байланыштыруучу Барскон—Акшыйрак, Сөөк— Каракол, Түргөнаксуу—Оттук—Сарыжаз—Эңилчек, Бөкөнбаев—Үчемчек (Жылуусуу) авт. жолдору курулган. Акшыйракта ж-а Эңилчекте калай кени бар. Вольфрам, жез, курулуш материалдар, висмут, ысык суулар чыгуучу жерлери да бар. Сарыжаз суусун пайдалануу б-ча иштер жүргүзүлүп жатат. Ы. с-ндагы Акшыйрак ж-а Эңилчек кыш-нда негизинен малчылар, геологдор, метеорологдор жашайт.