География:ШОРТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ШОРТӨР МӨҢГҮСҮ — Жетим кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кичи Нарын д-нын сол куймасы Арчалы суусунун алабында. Уз. 3,4 км, аянты 3,5 км2. Башы деңиз деңг. 4440 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн Шортөр суусу башталып, Арчалыга сол тараптан куят.